Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай үчүн каражат алгандардын насыясы жеңилдетиле баштады.
Буга чейин белгиленген жылдык 6-8 пайыздык үстөк 4 пайыз болуп өзгөрөт. Мекеме мындай жеңилдиктер турак жай сатып алган 5 миңдей жаранга тиешелүү экенин билдирүүдө. Бул үчүн зайымчылар каражат берген банкка кайрылып, келишимди кайра жаңыртышы зарыл.
“Жеңилдиктер автоматтык түрдө ишке ашпайт. Сөзсүз Ипотекалык компаниянын каражаты аркылуу насыяны берген банкка барып, келишимди жаңыртып алуу зарыл. Бирок мындай жеңилдикке ээ болууда буга чейинки карыздары болсо аны жоюш керек”,- деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева.