Бишкекте баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 17-октябрда саат 11:55тер чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө “Аламедин-1” кичирайонунун аймагынан баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт райондук милициянын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин “Коркунучта калтыруу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен иликтенип жаткан иш боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат. Азыркы учурда тергөө жана ыкчам-издөө иштери уланууда.