Жаңылыктар
ИИМ: Бишкекте жүк ташуучу унаадан 10 килограмм метамфетамин баңгизаты табылды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Бишкекте жүк ташуучу унаадан 10 килограмм метамфетамин баңгизаты табылды

Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унаадан 10 килограмм метамфетамин табышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

Ага ылайык, бажы терминалынын аймагында Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кыргызстан каттамы боюнча жүргөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерген учурда, андан сырты алмага окшотуп жасалган баңгизат табылган. Изилдөөнүн натыйжасында ал метамфетамин баңгизаты экени аныкталган. Көмүскө базарда анын 1 граммынын баасы 4 миң 500 сом. Алынган заттын салмагы 10 килограмм, 150 миң дозага барабар экени айтылат. Баасы 450 миллион сомду түзөрү белгилүү болду. 

Кармалган айдоочу Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Аталган факт Жазык кодексинин "Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси менен каттоого алынды. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, унаа Ирандан чыгып, Түркмөнстандан дагы бир чиркегич кошулган. Андан кийин Өзбекстанга жеткирилип, кайра чиркегич кошуп Кыргызстанга бет алган. Тергөө уланууда.