Нарын шаарына 22-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул боюнча калаанын мэриясынын тиешелүү буйругу чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине калкка үзгүлтүксүз жылуулук берүүнү баштоо тапшырмасы берилди.
Жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинде 20 откана бар. Алардын ичинен 16 электр энергиясы, 4өө көмүр менен иштейт. Жалпы 103 көп кабаттуу, 49 менчик үйдү жана 21 бюджеттик мекемени жылуулук менен камсыз кылат. Ошондой эле 2 миң 136 абонент жана 9 миң 382 метр жылуулук трассасын тейлейт. Бүгүнкү күндө ишканада 1 миң 624 тонна көмүр бар.