Жаңылыктар
Кара-Көл шаарында коомдук жайларда жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоого багытталган түнкү рейд өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Көл шаарында коомдук жайларда жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоого багытталган түнкү рейд өттү

Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы 13-15-октябрь күндөрү өткөрүлдү. Түнкү рейд учурунда коомдук жайларда өспүрүмдөрдүн чоңдордун коштоосуз жүрүүсү текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Рейддин жыйынтыгында 22:00дөн кийин коомдук жайларда жүргөн 12 өспүрүм аныкталып, материалдар шаардык мэриянын балдар менен  иштөө комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Мындан сырткары 14-октябрь күнү Д.Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүү орто мектебинде Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги, шаардын мэринин катышуусунда ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда  жашы  жете электер арасындагы суидциддин, топтошуп коомдук тартип бузуулардын, кылмыштуулуктун, жашы жете электерге карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулуктардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция кызматкерлери ата-энелерди өспүрүмдөрдү көзөмөлсүз калтырбоого жана татыктуу тарбия берүүгө чакырышты.