Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө жаңы салынган 225 окуучуга ылайыкташкан мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган айыл өкмөткө караштуу Жеңижок атындагы №9 жалпы орто билим берүүчү эки кабаттуу типтүү мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.
Ушул тапта мектепте 465 окуучу билим алууда. Кошумчалай кетсек, алдын ала маалыматка ылайык, Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен республика боюнча 27 мектептин курулушу каржыланууда. Анын ичинен беш мектеп толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.