Жаңылыктар
Кыргыз жана түрк режиссёрлору биргеликте тасма тартышат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз жана түрк режиссёрлору биргеликте тасма тартышат

Кыргыз жана түрк режиссёрлору биргеликте тасма тартышат. Мындай келишим Бишкекте өтүп жаткан түрк тасмаларынын жумалыгынын алкагында белгилүү болду. 

Бешинчи ирет өтүп жаткан жумалык 16-октябрда башталды. Расмий ачылыш эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү, режиссёрлору жана түрк киносунун көрүүчүлөрүнүн катышуусу менен өттү. Эми бир жума бою соңку кезде популярдуу болуп жаткан түрк тасмалары "Манас" кинотеатрында акысыз көрсөтүлмөкчү.

Жумалык режиссёр Мехмет Ада Өзтекинин “7-Камерадагы керемет” тасмасынын бет ачары менен башталды. Бул тасма учурда дүйнө жүзү боюнча популярдуу болуп, миллиондогон көрүүчүлөрүн табууга жетишкен. Фильмдин Кыргызстанда да күйөрмандары табылды. 

Мындан сырткары бир жуманын ичинде “Баскетбол шакекчеси”, “Маузер”, “Сүйүүнүн өмүрү” , “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” анимациялык фильми, “Өмөр жана биз” аттуу тасмалар көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Негизги максат кыргыз-түрк маданий алакасын жакшыртып, кинонун күчүнө негизделген эки өлкө ортосунда дагы бир көпүрө куруу менен достукту бекемдөө.

Жумалык Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу жана ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлор жолугушууларды өткөрүп, биргелешип тасма тартуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.