Кыргызстанда калктын санынын көбөйүшү менен электр энергияга болгон муктаждык да өсүүдө. Кыш мезгилинен кыйналбай чыгуу үчүн электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну адистер байма-бай эскертип келишет.
Электр жана жылуулук энергиясы үчүн жаңы тарифтер 15-октябрдан тартып күчүнө кирди.
Министрлер кабинети бекиткен тарифтерге ылайык, калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан,андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай 77 тыйындан төлөйт. Мекеме уюмдар, ишканалар, компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.
Ал эми жылуулук энергиясына болгон тарифтер калк үчүн азыркы деңгээлде 1 миң 134 сом 76 тыйын Гкал өлчөмүндө сакталат. Ысык суу менен камсыздоонун тарифтери болсо 981 сом 76 тыйын Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат. Башка керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясы - 1 миң 802 сом/Гкал, ал эми ысык суу менен камсыздоо - 1 миң 802 сом/Гкалды түзөт.
Электр энергиясына болгон тарифти дагы тууралап өзгөртпөсө тармактын абалы кыйындайт,- дейт серепчилер.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып кеткендиктен учурда аны көбөйтүү иштери жүрүүдө. Өлкөнүн керектөөсү жылдан жылга өсүп жаткандыктан электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу керек дейт адистер.