Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымова акыркы сапарга узатылды. Акын узакка созулган оорудан кийин 85 жаш курагында дүйнө салды.
Ал чыгармачыл чөйрөдө Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев сыяктуу залкарлардан сабак алып, кыргыз адабиятына эбегейсиз зор эмгек калтырды. Коштошуу жөрөлгөсү Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында болду.
1952-жылы алгачкы чыгармалары жарык көрө баштаган Майрамкан Абылкасымова бүтүндөй өмүрүн ыр дүйнөсүнө арнап, кыргыз адабиятынын өнүгүүсүнө зор эмгек калтырды. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгендер да муну бир ооздон айтып жатышты. Мамлекеттик катчы өлкө башчысынын атынан акындын жакындарына, жалпы маданият чөйрөсүндөгү санаалаштарына көңүл айтты.
Акын секелек кезинен баштап калеми курчуп өмүрүнүн аягына чейин мыкты чыгармаларды жазып, элдин эсинде калды. Окуу жайды аяктаган соң, Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер болуу менен педагогдук чеберчилигин да уланткан. Кыргыз адабиятындагы бардык көрүнүктүү чыгармалар алгач басылып турган “Ала-Тоо” журналында 20 жыл эмгектенген. Кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн «Ардак Белгиси», III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Ленин комсомолу жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты болгон.
Майрамкан Абылкасымованын калемине таандык чыгармаларда ата мекенди сүйүү, табиятка аяр мамиле жасоо, адамдык сапаттарды бийик баалоо сыяктуу философиялык ойлор камтылган. Көптөгөн ыр жыйнактары орус, украин, казак, немец, монгол, поляк тилдерине которулуп дүйнөлүк адабиятта ордун тапты.
Акындын «Атаке Баатыр» драмасы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Чыгарманы бирге жазууда калемдеш болгон КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев анын адамзатты тарбиялоодогу өзгөчө зор курч ойлорун айтып эскерет.
Акындын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Анын «Чолпон», «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп», «Ишеним дайым жүрөктө», «Гүлдөр суу сурайт» аттуу жыйнактары кыргыз адабиятына зор салым кошту. Чыгармачылыгында улуттук поэзиянын салттуу уйкаштыктагы ырларына караганда эркин ыр формасында жазылган ырлары басымдуулук кылат.