Жаңылыктар
Министрлер кабинети көмүр баасын көзөмөлдөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер кабинети көмүр баасын көзөмөлдөөдө

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, "Кара-Кече" көмүр кенинин ишин көзөмөлдөдү. 

Министрлер Кабинетинин башчысы "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышты. 

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.

Быйыл өлкөдө кышка карата даярдык кечигип башталды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров суук түшкөндө иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчиликке тартыларын экертти. 

Азыр биринчи кезекте Кара-Кечедеги көйгөйлөрдү тезинен чечүү милдети турат. Учурда борбордо бир тонна көмүрдүн баасы 4,5 миң сомдон жогору сатылууда. 

Акылбек Жапаров менен болгон жыйында көмүр казуучу компаниянын өкүлдөрү иштин шартын жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтышты. Аны менен катар көмүрдүн баасы жана тармакты өнүктүрүү сунуштары талкууланды. 

Белгилей кетсек буга чейин Министрлер Кабинети тарабынан өлкө аймагында көмүргө карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Аталган чечим 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилинде көмүргө карата баанын өсүшүнө жол бербөө, калкты көмүр менен өз мөөнөтүндө жана туруктуу камсыздоо максатында кабыл алынган.

Көмүр сатуучулардын айтымында, быйыл кара алтындын баасы өткөн жылга салыштырмалуу миң сомго кымбат. Өткөн жылы 3800 сомдон сатылган көмүрдүн кымбатташына күйүүчү май, унаа тетиктеринин кымбатташы себеп болууда. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жумуш сапардын алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна да барды. Ал «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөөрүн белгиледи.