Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында кадрдык дайындоолор болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында кадрдык дайындоолор болду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктерин дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

— Укушов Мурат Каниметович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; 

— Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

— Кожоналиев Кубатбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги;

— Исанов Алмаз Насирдинович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.