Жаңылыктар
Кумтөр "Алтын балалыкты" медициналык жабдуулар менен камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр "Алтын балалыкты" медициналык жабдуулар менен камсыздайт

"Кумтөр" ишканасы улуттук өнүктүрүү долбоорлору менен катар, коомдук демилгелерди да колдоого алууда. Керектүү ресурстарды берүү менен аймактардын системалуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышып жатат. "Алтын Балалык" реабилитациялык комплексин эң мыкты медициналык жабдуулар менен камсыздай турганын компаниянын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк билдирди.

“Кумтөр” компаниясына тышкы башкаруу киргизилгенден бери карапайым калктын түйшүгүн жеңилдеткен, кыргызстандыктар үчүн мааниси зор социалдык долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, сөздүн түз маанисинде кыргыз элине кызмат кыла баштады. Ал эми кенди “Центерра” башкарып турганда, социалдык долбоорлор кереги жок ашыкча чыгым катары бааланчу. 

Сырткы башкаруунун киргизилиши менен «Кумтөр Голд Компани» туруктуу өнүгүү принциптери менен социалдык жоопкерчиликти ырааттуу түрдө интеграциялап келет. Бүгүн «Кумтөр» улуттук өнүктүрүү долбоорлору менен катар, коомдук демилгелерди да колдоого алууда. Керектүү ресурстарды берүү менен аймактардын системалуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышып жатат.