15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн Министрлер Кабинети бекиткен жаңы тарифтер күчүнө кирди. Электр жарыгы үчүн калк 700 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар керектөөнүн көлөмүнө карабай 77 тыйындан төлөйт. Мекеме уюмдар, ишканалар жана компаниялар үчүн тариф иштин мүнөзүнө жараша 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин бааланат.
Ал эми жылуулукка болгон баа калк үчүн азыркы деңгээлде 1 миң 134 сом 76 тыйын/Гкал өлчөмүндө сакталат. Ал эми ысык суу 981 сом 76 тыйын/Гкал өлчөмүндө азыркы баасында калат.