Жаңылыктар
Боом капчыгайында 18-22-октябрь күндөрү коркунучтуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайында 18-22-октябрь күндөрү коркунучтуу таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

“Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы бүгүн, 18-октябрдан 22-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жумуштар ИИМ ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. 

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.