Кыргыз Республикасынын эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Жазуучулар союзунун мүчөсү Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу, коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүүдө.
Акын 85 жаш курагында узакка созулган оорудан соң көз жумду. Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айылында туулган. Айылдык жети жылдык мектепти аяктагандан кийин, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтуна тапшырган. Аны аяктап, Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде адабий кызматкер, Ош педагогикалык институтунда мугалим болгон, кийин “Ала-Тоо” көркөм-адабий журналынын редакциясында иштеген. Ал СССРдин Жазуучулар союзунун, КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча консультанты болгон. Андан кийин “Ала-Тоо” журналынын редакциясына кайтып келип, 20 жыл бою поэзия бөлүмүн жетектеген. Андан соң апталык “Асылзат” гезитинин редактору болгон. Акын басма ишин 1952-жылы баштаган. Анын “Кичинекей досторго” поэзия жыйнагы дебюттук эмгеги. “Эстелик сүйлөйт” поэмасы жана “Ишеним дайым жүрөктө” жыйнагы үчүн Ленин комсомолунун Бүткүл союздук сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз ССРинин эл акыны наамын алган. “Гүлдөр суу сурайт” ырлар жыйнагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Анын көптөгөн чыгармалары орус, украин, казак, болгар, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган. Көп жылдар бою адабий чыгармачылык жаатындагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Каарман эмгеги үчүн” медалы, “Тынчтыкты коргоого”, күмүш медалы менен жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин, Украинанын, Кыргызстан Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргызстандын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымы үчүн Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.