Чүй облусунун аймагында 11-октябрдан 17-октябрга чейин 3 миң 469 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 50 айдоочу, жогорку ылдамдыкта унаа башкарган 1 миң 345, документи жок 33 айдоочу эреже бузган.
Атайын айып унаа токтотуучу жайына 101 унаа токтотулган.