Борбор калаада "Бирдиктүүбүз, бирок ар башкабыз" аталышындагы үч өлкөнүн дизайнерлери катышкан көргөзмө өттү.
Иш-чара эки күнгө созулуп, ага Кыргызстан, Россия жана Казакстандын 28 дизайнери катышты. Анда катышуучулар өздөрүнүн жеке, өзгөчө топтомдорун, ошондой эле колго жасалган зер буюмдардын тартуулашты.
Мода көргөзмөсү муну менен Дизайнерлер чыгармачыл союзу тарабынан экинчи ирет өткөрүлүүдө. Бул салттуу этникалык сүрөттөрдөн баштап, кийимдердин заманбап түрлөрүнө чейинки бардык чыгармачыл сүйүүчүлөрдү бириктирген жаңы долбоор болуп саналат.
Көргөзмө 50дөн ашык дизайнерлерди жана компанияларды, кол өнөрчүлөр менен кесипкөй адистердин башын бириктирип келет.