Жаңылыктар
Адилбек Султановдун айкели орнотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Адилбек Султановдун айкели орнотулду

Кара-Суу районунун Каратай айылында Ош коогалаңында каза болгон милициянын полковниги Адилбек Султановдун айкели мектепте орнотулду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди. 

Султанов 2010-жылдын 13-июнь күнү Ош коогалаңында улуттар аралык кагылышуунун алдын алуу, эки улуттун ынтымакчылыгын бекемдѳѳ максатында кызматтык милдетин аткарып жатып, чагымчыл кылмышкерлер менен күрѳшүү учурунда курман болгон.

Анын аты ѳзү тѳрѳлүп ѳскѳн Каратай айылындагы орто мектепке жана Ош облусундагы Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнѳ ыйгарылган.