Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы чек арадан аткезчилик жолу менен жүк алып өтүү аракети болгон бир нече окуяны каттоого алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери Өзбекстандан мыйзамсыз жол менен 32 даана меш алып келе жаткан жаранды кармаса, Лейлекте Тажикстанга 250 куту тазалоочу каражат алып өтүүгө аракет кылган адам колго түштү.
Ал эми Лейлек районунда Тажикстанга 3 тонна тоңдурулган балык алып бара жаткан 31 жаштагы жаран кармалган.
Документтер толтурулган соң кармалгандар жана жүктөр тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.