Жаңылыктар
Афган согушунун ардагерлерин колдоо
Кыргызстан жаңылыктары
Афган согушунун ардагерлерин колдоо

Бишкектеги Россиянын илим жана маданият үйүндө кайрымдуулук иш-чарасы өттү. Анын жүрүшүндө кезинде афган согушунда жасаган эрдиги бааланбай калган эки кыргызстандык жаран "аскердик артыкчылыгы үчүн" медалы менен сыйланды. 

Мындан сырткары, согуш талаасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген төрт афган ардагерине араба тапшырылды. 

Ушул эле күнү Кыргызстандык жоокерлер тууралуу жазылган “Солдаты России” журналынынын бетачары болду. 

Иш-чараны Россиянын өкмөтүнүн астындагы Кыргызстандагы Коргоо маселелери боюнча аскер атташесинин аппараты уюштурду.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай маанидеги иш-чаралардын арты менен кыргыз-орус кызматташтагын арттырып, достугун дагы бекемдөөгө өбөлгө түзүлөт.