Жаңылыктар
РФ президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду жогорку кызматка дайндалышы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
РФ президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровду жогорку кызматка дайндалышы менен куттуктады

Россиянын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Антон Вайно Акылбек Жапаровго Министрлер кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. 

Антон Вайно белгилегендей, эки өлкөнүн Президенттик Администрацияларынын ортосундагы конструктивдүү жумушчу байланыштарды өнүктүрүү эки өлкө лидерлери тарабынан коюлган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөт. 

Ал Акылбек Жапаровго ишиндеги ийгиликтерди, ошондой эле чың ден соолук жана бакубаттуулук каалады.