Жаңылыктар
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" долбооруна өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" долбооруна өттү

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" долбооруна өттү. 

Ал сынакта Reamonn тобунун Supergirl ырын аткарып жаткан учурунда калыстар тобунун мүчөлөрү жана устаттар Пелагея менен Александр Градский кубаттаган. 

Ал эми Леонид Агутин ага өзүн тааныштырууну суранып, кайырмалары эң сонун аткарылганын белгилеген. Пелагея Александрдын үнүнүн өзгөчөлүгүн айтып, өз тобуна тандап алды. 

Россиянын Биринчи коомдук каналы аркылуу 2012-жылдан бери көрсөтүлүп келе жаткан "Голос" же "Добуш" долбоору дүйнөдөгү мыкты вокалдык аткаруучуларга келечектүү багыттарды берип, аларды таанытууга өбөлгө болгон долбоор.