Нарын шарында кыргыз милициясынын 97 жылдыгына арналган Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын спартакиадасы өттү.
Иш-чаранын максаты Президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын эске алуу менен өздүк курам арасында ден соолукту чыңдоо, кызматкерлердин арасында биримдикти бекемдөө, ички иштер органдарына жарандардын коомдук коопсуздугун сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ар дайым күжүрмөн даярдыкта болуу.
Мелдеш спорттук оюндун беш түрү боюнча жүрүп, жалпы 10 команда ат салышты. Мыкты оюн көрсөткөн кызматкерлерге баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана кубоктор тапшырылды.