Жаңылыктар
Мекенди коргоочулар ант беришти
Кыргызстан жаңылыктары
Мекенди коргоочулар ант беришти

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 702-аскер бөлүгүндө жаңыдан аскер кызматына чакырылган 145 жаш жоокер эли-жери үчүн кынтыксыз кызмат өтөөгө ант берип, Мекенди коргоочулардын катарын толукташты. 

Буга чейин жаңыдан аскерге чакырылган уландар бир ай даярдыктан өтүп, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрүн, жалпы аскердик курстан окуган. Саптык, дене тарбиялык жана ок атуу даярдыгынан аскердик кызмат үчүн зарыл болгон нерселерди үйрөнүшүп, жалпы аскердик уставды, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин өздөштүрүштү. 

Салтанат жаш жоокерлердин саптык даярдык, кол мушташы боюнча атайын даярдалган иш-чарасы менен аяктады. Жыйындын соңунда майрамык концерт тартууланды.