Жаңылыктар
Жарандардын укуктарын коргоо
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандардын укуктарын коргоо

Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы консулдук маселелер боюнча консультациялардын биринчи сүйлөшүүсү өттү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди. 

Анда жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды. COVID-19 пандемиясынын шартында эки өлкөнүн аймагында убактылуу туруу, билим алуу жана эмгектенип жүргөн жарандарды колдоо, жардам көрсөтүү маселелери айтылды. 

Укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндөгү Минск конвенциясынын алкагында кызматташуу маселелери, 1963-жылдын 24-апрелиндеги консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболорун аткаруу эки мамлекеттин Ардактуу консулдар Институтунун иштөө маселелери талкууланды. 

Жыйынтыгында министрликтер ортосунда протоколго кол коюлду.