Жаңылыктар
Чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды

Чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды. Ал чек араны кесип өтүүдө жасалма документтерди колдонгон. 

Белгилүү болгондой, Өзбекстандын жараны Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Ош шаарына учуп келгенде, башка жарандын паспортун көрсөткөн. 

Кармалган адам Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Бул факт боюнча Жазык кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Азыркы учурда Кыргызстандын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.