Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, жакынкы келечекке карай негизги багыттарды белгиледи.
Башкы милдет – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо. Акылбек Жапаров алдыда чоң өзгөрүүлөр болорун, масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарылдыгын билдирди. Коюлган максаттарды ишке ашырууда бийликтин бардык деңгээлинде, республикадагы айыл өкмөттөн жогорку жетекчиликке дейре мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылуу талап кылынат.
Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыдагы бир катар амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.
Ал жоопкерчиликтүү милдеттерди натыйжалуу чече турган жогорку денгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү жана ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жеткендигин белгиледи.