Жаңылыктар
Жумаалы Момункулов дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Жумаалы Момункулов дүйнө салды

Узакка созулган оорудан кийин агартуучу жана маданият ишмери, искусство жана музей ишин  өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси Жумаалы Момункулов 84 жаш курагында дүйнө салды. 

Жумаалы Момункулов 1937-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. 

Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин, алгачкы эмгек жолун Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайында мугалимдик кесиптен баштап, Фрунзедеги балдардын П. Шубин атындагы музыкалык мектебинде педагог, окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары, республикалык адистештирилген Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын директору, кийин П. Шубин атындагы мектептин директору, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, Маданият министринин орун басары, Мамлекеттик тарых музейинин директору сыяктуу жетекчилик кызматтарды ийгиликтүү аркалаган.