Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдардын реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча өткөрүлгөн кайрымдуулук марафондо бир күндө 40 млн. сомдон ашык каражат чогултулду. Иш-чара бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышып, мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 млн сом бөлдү. Борбор 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан медициналык реабилитациялык борбор 2000-жылдары курула баштаган. Бирок, каражат маселесинен улам токтоп калган. Комплекс 8 бөлүмдөн турат: аллергия, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика, неврология, ошондой эле эс алуу бөлүмү, клиникалык лаборатория, тамактануу жана кир жуучу жайы бар.
Ушул жылдын март айында реабилитациялык борбордун абалы менен президент Садыр Жапаров таанышып, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген. Министрдин айтымында, ошол учурдан тарта эле ондоо иштери башталган.
Реабилитациялык борбор толук ишке кирсе 250 бала жана 250 чоң кишини кабыл алууга мүмкүнчүлүк болот. Дарылануудан сырткары туристтер үчүн эс алуу жайы катары да пайдаланууга мүмкүн. Министр белгилегендей, буга чейин 2 бөлүм ишке киргизилип, 5 баланын жүрөгүнө операция жасалды.
Комплексти толук 2022-жылдын 1-июнунда ачуу пландалууда. Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, экинчисин “Кумтөр” ишканасы курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафону өттү. Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлдү.
Мындан сырткары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин атынан 3 млн сомго сертификат тапшырды. Ал жалпы эле калктын социалдык көйгөйүн чечүүгө багытталган аракеттери тууралуу айтып берди.
Ошондой эле биринчи айым Айгүл Жапарова Президенттин үй-бүлөсүнүн атынан реабилитациялык борбордун курулушуна 500 миң сом берди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, чет элдик компаниялардын өкүлдөрү да катышты.
Мындан сырткары мамлекеттик мекеме кызматкерлери, жөнөкөй жарандар да колдорунан келген көмөгүн көрсөтүп жатышты.
Бир күндүн жыйынтыгы менен марафондо 50 млн сомдон ашык каражат чогулду. Саламаттык сактоо министри билдиргендей, бүгүндөн тарта медициналык реабилитациялык борборго колдоо көрсөтөм дегендер үчүн банктык эсеп бир айга ачык турмакчы. Ким канча көлөмдө болсо да салым кошсо болот. Кийинки жайда комплекс заманбап, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган медициналык жана туристтик жайга айланмакчы.