Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жогорку класстын окуучулары арасында лекция-маек өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кызматкерлер баңгизаттарды колдонуу, ташуунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анын алкагында видео тасмалар көрсөтүлүп, баңгизатты колдонуунун ден соолукка тийгизген таасири айтылды. Андан соң мектеп окуучулары менен маектешүү жүрдү. Мугалимдердин айтымында өспүрүмдөр менен жаштардын баңгиликке карата терс мамилесин калыптандырууга аракеттер жасалууда.