Жаңылыктар
Кыргызстандагы көмүрдүн баасы. Эң кымбат көмүр Ноокатта, арзаны - Чаекте
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы көмүрдүн баасы. Эң кымбат көмүр Ноокатта, арзаны - Чаекте

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 14-октябрга карата көмүрдүн орточо баасы өткөн жылга салыштырмалуу бир тоннасы үчүн 793 сомго же 17,9 пайызга өскөн. 

Орточо керектөө баалар республиканын 18 калк жашоочу пункттарында жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингдин негизинде берилген. Төмөнкү чекене баа Чаек айылында, бир тонна үчүн - 3 миң сом, Балыкчы шаарында - 4 миң сом, Нарын шаарында - 4 миң 200 сомду түзгөн. 

Көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокатта. Ал жакта кара алтындын бир тоннасы - 9 миң сомдон ашат. Исфанада - 8 миң 500 сом, Баткенде - 8 миң 300 сомдун тегерегинде сатылууда. Талас шаарында болсо 62 сомго арзандаган.