Мамлекеттик кадр кызматында көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерге, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен советтик жана Кыргызстандын мамлекеттик ишмери Жаңыл Түмөнбаева, ал эми “Мамлекеттик кызматынын мыктысы” төш белгиси менен Садыкбек Аблесов, Төлөбек Өмүралиев, Кыдырма Орозалиев, Мырзаибрагим Жээнбеков, Абиш Халмурзаев сыйланышты.