Жаңылыктар
УКМК: Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кармалды

УКМК Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарынын, фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактыларын аныктады. 

Учурда фармкомпаниялардын кызыкчылыгын колдогон кызматкерлерге карата коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. Мурдагы министрдин туугандары дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынган. Шектүүнү Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө камак жайына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.