Жаңылыктар
Министрлер кабинети кайрымдуулук марафонго үч миллион сом бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер кабинети кайрымдуулук марафонго үч миллион сом бөлдү

Министрлер Кабинети майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборду ишке берүүгө 3 млн сом бөлдү. Бул тууралуу "Өмүр булагы" аталышындагы кайрымдуулук марафонунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда майыптыгы бар балдар жана энелер үчүн “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке берүүгө каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук марафону өтүп жатат.