Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда майыптыгы бар балдар жана энелер үчүн “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүүгө каражат чогултуу боюнча “Өмүр булагы” кайрымдуулук марафону өтүүдө.
Комплекс Ысык-Көл облусунун түндүк жээгине курулууда. Ал сегиз блоктон туруп, аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрүн камтыйт. Ошондой эле, эс алуу, клиникалык лаборатория тамактануучу жана кир жуучу жайлары камтылган.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивдин айтымында, комплекстин курулушу каражаттын жетишсиздигинен улам өз убагында бүткөн эмес. Курулушу аяктаса, 250 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ысык-Көл облусунун жагымдуу климаты Кыргызстанда медициналык туризмди өнүктүрүүнү шарттайт.