Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына (өз орундарына) 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 7 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 7 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Нарын облусу:

Ак-Талаа райондук сотуна: 

Доулбеков Азат Азейинкулович; 

Кочкор райондук соту:

Султаналиев Медел Керимжанович;

 

– Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл райондук сотуна:

 Жумаев Токтогул Темиркулович;

 Каракол шаардык сотуна:

 Ниязалиев Самар Анарбекович;

 

– Чүй облусу:

 Аламүдүн райондук сотуна:

 Жумаков Жаныбек Темирбекович;

 

– Бишкек шаары:

 Ленин райондук сотуна:

Бердыбаев Бакбуркан Асанканович;

 Свердлов райондук сотуна:

Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна.