Садыр Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрү азык-түлүктүн же ашыкча өндүрүлүп, же жетишсиз болуп жатканына тушугуп жатканын белгиледи.
Биримдиктеги ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнчө механизмдерин түзүп жатат. Бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келүүдө. Ошону менен бирге ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү менен дарамети эске алынбай келет. Буга байланыштуу аялуу жана негизги азык-түлүк өнүмдөрүнө манипуляция кылууга жана баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн рыноктун катышуучуларынын тең салмактуу жана алдын ала болжолдонгон аракеттер менен көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууну сунуштады.
Бул макулдашылган, келечекте болсо бирдиктүү агроөнөр жай саясатын калыптандырууга шарттарды түзүүгө олуттуу кадам болот - деди Президент.