Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын соңунда бир катар актылардын долбоорлору жактырылды.
Жактырылган актылардын долбоорлорунун тизмеси:
- "Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө-мамлекеттерине үчүнчү өлкөлөр тарабынан жасалган экономикалык басым жөнүндө" маселелердин алкагындагы тапшырма;
- "Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында экономикалык кызматташтык жөнүндө" билдирүүсү;
- "Евразиялык экономикалык биримдиктин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун калыптандыруунун экинчи этабына өтүү жөнүндө" чечим;
- "Ташып кирүү бажы алымынын ченемин өзгөртүү чечими Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан кабыл алына турган аялуу товарлардын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим;
- "2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө макулдашуунун Евразиялык экономикалык комиссия жана Евразиялык экономикалык биримдиктин сотунун Россиянын жараны болгон кызмат адамдары менен кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" протокол;
- "2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында тышкы аудит жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө" чечим;
- "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн орду жана убактысы жөнүндө" тескеме;
- "Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" чечим;
- "Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө" чечим.