Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров: ЕАЭБ - маанилүү интеграциялык бирикме
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров: ЕАЭБ - маанилүү интеграциялык бирикме

Евразиялык экономикалык биримдик Кыргызстан үчүн потенциалы бар маанилүү интеграциялык бирикме экенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирди. 

Ал азык-түлүк өнүмдөрүнүн тартыштыгын алдын алуу, келечекте ички рынокту коргоо жана импортту алмаштыруу боюнча ченемдик базаны шайкеш келтирүүгө чараларды көрүүгө чакырды. Коронавирус пандемиясына жана чектөөчү чаралардын кабыл алынышына байланыштуу экономикалык кризис бүткүл Биримдиктин экономикасына тийгизген таасиринен киреше төмөндөп, жакырчылык деңгээли, жумушсуздук өскөн. 

Бул көйгөйдү чечүү үчүн, калктын кирешелерин жакындатууга жана экономиканы түздөп кетүүгө багытталган мүчө-мамлекеттердин экономикасын кармап калуу механизмдерин жана максаттуу программаларын системдүү жана мазмундуу иштеп чыгуунун зарылдыгын айтты.