Кыргыз тарап Стамбулдагы кыргызстандык жарандын өлтүрүлүшүн көзөмөлдөй турганын консул Лира Сыдыкова Черкезкөй районунун коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушканда билдирди.
Учурда Түркиянын укук коргоо органдары шектүүнү, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси менен айыптоодо. Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына укуктук көмөк көрсөтүүдө.
Эске салсак, 13-октябрда Түркиянын Черкезкөй шаарында 65 жаштагы эркек киши 31 жаштагы кыргызстандыкты жиликтеп салганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан.