Жаңылыктар
Сокулукта жеке инвесторлордун аракети менен курулган чакан ГЭС ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулукта жеке инвесторлордун аракети менен курулган чакан ГЭС ишке кирди

Чүй облусунун Сокулук районунда 2 жарым мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС ишке кирди. Бул бюджеттик жана донордук каражаттарды тартпастан, жеке инвесторлордун аракети менен курулган чакан ГЭС. Анын негизги курулушу менен таанышкан өлкө башчысы, энергетикалык системадагы кыйынчылыктарды терең изилдегенин жана тармакты өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу боюнча алдыга максат койгонун айтты.

Электр кубатын өндүрүүчү чакан ГЭС Сокулук районундагы Асылбаш айылынын жогору жагында пайда болду. Эки электр агрегатынан турган гидроэлектрстанция толук курулуп бутүп, ишке киргизүүгө даяр.

Ишкана Сокулук ГЭС-2 деп аталат. Анын ишке киришине байланыштуу иш-чарага келген өлкө башчысы ГЭСтеги негизги курулуштарды көрүп чыгып, жабдуулары жана иши менен таанышты. Электр жарыгын өндүрүү ишине расмий старт берди.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Союз тарагандан кийин ал таланып-тонолуп, 2007-жылдан тарта такыр иштебей калган. Эми ишкерлердин демилгеси менен экинчи дем берилип, жылына 12 млн квт/саат электр энергия бере турган заманбап ГЭСке айланды.