Бишкек шаарында “Парковка” аталышындагы рейддик иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө үч күндө айдоочулар тарабынан туура эмес токтотулган 1 миң 619 унаа аныкталган. Рейд он биринен он бешинчи октябрга чейин уланат. Максаты - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу , ошондой эле жол тыгындарын болтурбоо болуп саналат.