Чүйдө тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 10 индиялык жаран Кегети капчыгайындагы Көлтөр деген жерге эс алууга барып, жолдон адашып кеткен. Куткаруучулар Токмок шаарынан 13-октябрда саат 22:30да жөнөп кетип, аларды таңкы саат 05:27де табышкан.
Адашкандарды таап, тийиштүү кызматкерлерге аман-эсен өткөрүп беришти. Кыргызстанда Индиядан келген миңдеген студенттер билим алат. Турист катары, иш менен келгендер да бар.