Бүгүн, Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүп жатат. Форумдун ишине Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда.
Белгилей кетсек, иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгынын алкагында, Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтүүдө.
Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана эсептелбестен, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, форумга 300дөн ашык адам катышууда.