Жаңылыктар
Баткен облусунда чек арачылардын кесиптик чеберчилиги текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунда чек арачылардын кесиптик чеберчилиги текшерилди

Баткен облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин, чек ара отряддарынын башчыларынын жана алардын орун басарларынын ыкчам жыйыны болду. 

Жыйындын негизги максаты - мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурууда чек арачылардын кесиптик чеберчилигин жакшыртуу болуп саналат. Анын алкагында коюлган тапшырмаларды чечүүдө биргелешип иштөөнүн жалпы ыкмаларын аныктап, Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды жана анын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Ошондой эле мыйзамдардагы жаңыланууларды, коррупциянын алдын-алуу жана аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерге аралашуусу боюнча суроолорду да карашты.

Жыйындын катышуучуларына инженердик камсыздоо боюнча көрсөтмө сабактар уюштурулуп, оор жана жеңил брондолгон техникалары башкарууга арналган көрсөтмө сабактар өттү. Ыкчам жыйындын жүрүшүндө башкаруу курамы жана чек ара отряддарынын жетекчилигинин даярдыктары боюнча да сынактар өтөт.