“Торугарт”, “Эркечтам” өткөрмө пункттарында коррупциялык схема жоюлду. Бул Президент Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасы менен ишке ашты.
Мамлекет башчысы казынаны толтуруу максатында, бажы системасында, негизинен эң активдүү эки өткөрмө пунктунда коррупциялык элементтерди түп тамыры менен жок кылууну тийиштүү түзүмдөргө катуу тапшырган.
Буга чейин аталган өткөрмө пункттарында “Элита 10”, “Элита 20” деп аталган он-жыйырма чакты, айрым фирмалардын алтымыштай унаалары эле коррупциялык аракеттери менен артыкчылыкка ээ болуп, тосколдуксуз өтүп турушчу.
Ошол эле учурда жергиликтүү жүк ташуучулардын укугу дайыма басмырланып келген. Алардын саны беш жүзгө чамалайт. Башкача айтканда жергиликтүү беш жүздөй жүк ташуучу унаанын айдоочусу “Торугарт” жана “Эркечтам” аркылуу өтүү, ал аркылуу каражат табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап келишкен. Муну менен катар, көбүнчө артыкчылык чет элдик унааларга берилчү.