Парламент жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп дайындалган Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык абалын жөнгө салуу, кышка даярдык, "Кумтөр" маселеси сыяктуу бир катар олуттуу көйгөлөр боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Министрлер кабинети толук курамда, алдыда ишке ашырыла турган программасын парламент алдында жактады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндамасында өлкөдөгү экономикалык абалга көбүрөөк токтолду, өкмөттүн программасынын өзөгүн да мына ушул маселе түзгөн.