Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен, Мамлекет башчысынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылынат:
Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:
— Бакашова Жылдыз Кемеловна — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
— Догоев Дастан Давлетович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри;
— Чынбаева Асель Рыспековна — Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
— Иманалиев Кайрат Олжобаевич — Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.