Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басарлары дайындалды.
Жарлыктарга ылайык:
- Кожошев Арзыбек Орозбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;
- Аалиев Азиз Кубанычбекович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;
- Байсалов Эдиль Жолдубаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.