Эмдөө калк арасында жугуштуу ооруларга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизги каражаты. Эмдөөнүн натыйжасында айрым жугуштуу оорулар азайып, кээ бири такыр жок болот.
Учурда коронавирустун тароо ыргагы жогору болгондуктан, алдын ала организмди даярдап, иммундук коргонуу менен камсыздоо зарыл экенин адистер эскертишет.
Калк арасында коронавируска каршы жапырт иммундук системанын пайда болушунун бирден бир жолу - эмдөө. Буга тарых жана дүйнөлүк тажрыйба далил. Анткени, ийгиликтүү эмдөө менен адамзат тарыхында эң оор илдеттерден арылууга аракет кылып келген. Мисалы чечек, кептөөр, шал жана кызамык оорулары.